Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-февралы № 15/1
“Дамос” жоопкерчилиги чектелген коому ишканасына көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын Талаа айылындагы №151 контур таштуу жайыт жалпы аянты жайгашкан 104,75 га анын ичинен суралган жер 4,41га. №157 контур таштуу жайыт жалпы аянты 135,35 га. Анын ичинен суралган жер 8,88 га. № 158 контур таза жайыт жалпы аянты 3,70 га. Анын ичинен суралган жер 0,55 га. Жалпы аянты; 13,84 га жер аянтына “Дамос”жоопкерчилиги чектелген коомунун көмүр кенин казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 34-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп жана талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Дамос” жоопкерчилиги чектелген коому ишканасына Ынтымак айыл аймагындагы мурдагы Кызыл-Суу айылындагы №151 контурунда жайгашкан таштуу жайыт жалпы аянты 104,75 га. Анын ичинен суралганы жер 4,41 га. № 157 контурунда жайгашкан таштуу жайыт жалпы аянты 135,35 га. Анын ичинен суралганы жер 8,88 га. № 158 контурунда жайгашкан таза жайыт жалпы аянты 3,70 га. Анын ичинен суралганы жер 0,55 га . Жалпы аянты; 13,84 га. жер аянтынан кен казуу иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Социалдык пакеттин жана келишим түзүү жагын Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү жана көмүр казып алынган жерди калыбына келтирүү жагы, башка төлөмдөрдү өз убагында төлөө “Дамос” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Д.А.Деминге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл
чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |