Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-февралы № 15/2
Ынтымак айыл аймагындагы Корок калктуу конушуна айыл макамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы Кыргыз Республикасында географиялык объектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобонун №149 токтомунун 21-пунктунда бекитилген тартипке ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Корок калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн, айыл аймагынын тургундарынын сунушу жана 2026-жылдын 16-фералындагы Корок конуштуу айылынын элдик жыйынынын протоколунун негизинде “Кызыл-Суу” айылы макамын ыйгаруу боюнча, Ынтымак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Корок калктуу конушунун аталышы, Ынтымак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине таянып, “Кызыл-Суу” айылы деп аталсын.
2. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан Ынтымак айыл аймагынын Корок калктуу конушуна “Кызыл-Суу” айылы ысымын ыйгаруу сунушун колдоп берүү жагы суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомунун 21-пунктунун негизинде Кыргыз Республикасында географиялык объектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби боюнча тиешелүү иш-чараларды алып баруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |