Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз
2-отуруму
2026-жылдын 10-февралы №2/1
Айыл аймагына караштуу Кара-Шоро айылындагы №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинин бак дарактарын кыюуу жөнүндө
№23 М. Ташиев атындагы орто мектебине тиешелүү болгон кара жыгач жана алма бак дарактар 1972-жылы эгилип, баары көп жылдык илдеттен жабыркап, куурап, өсүү процессин токтоткондугуна жана бак-дарактар эскиргедигине, куураган абалга келгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын токойлорунда өсүп турган дарактарды турган жеринде баалап өткөрүүнүн эрежелерин жана өсүп турган дарак түрлөрүн турган жеринде баалап өткөрүүгө таксаларды бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун 14-пунктуна ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №23 М. Ташиев атындагы орто мектебине тиешелүү болгон кара жыгач жана жана алма бак дарактар 972-жылы эгилип, баары көп жылдык илдеттен жабыркап, куурап, өсүү процессин токтоткондугуна жана бак-дарактар эскиргедигине, куураган абалга келгендигине байланыштуу, бакты түп тамырынан бери жулуп алып, тазалоого жана бошотулган жер аянтына жаш көчөттөрдү отургузууга макулдук берилсин.
2. Бактагы көп жылдык дарактарды түп тамырынан бери жулуп тазалоо иштерин аткаруу үчүн экологиялык багытта иш алып барган тиешелүү мамлекеттик мекемеден корутунду жана уруксат алуу жагы Курманжан Датка айыл өкмөтү тарабынан суралсын.
3. Аталган мекемелерден кыйылган: - №23 М. Ташиев атындагы орто мектебинен 30 даана кара жыгач, 25 даана алма, 6 даана өрүк, 6 даана терек отундарды орто мектептин керектөөсүнө иштетүүгө жумшалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн..
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |