Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз
3-отуруму
2026-жылдын 04-марты №3/1
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы 2026-жылга өнүгүү планын жана 2027-2029-жылдарга болжолдуу программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 3-бөлүмчөсүнө ылайык Курманжан Даткаайыл өкмөтүнүн 2025-жылда бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын угуп, 2025-жылга өнүгүү планын жана 2027-2029-жылдарга болжолдуу программасын бекитүүнү карап, талкуулап Курманжан Даткаайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылда бекитилген социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана 2027-2029-жылдарга болжолдуу программасы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн статист-экономистине (Т.Романов) тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |