Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз
4-отуруму
2026-жылдын 19-марты №4/1
Арпа-Тектир жана Жар-Кыштак айылдарынын сугат суу каналдарын Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу жөнүдө
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевдин Арпа-Тектир жана Жар-Кыштак айылдарынын сугат суу каналдары жөнүндөбилдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Даткаайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Тектир айылынан Савай каналы 880,0 метр, Тегирмен Арык каналы 2200,0 метр жана Жар-Кыштак 520 метр сугат суу каналдары Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын аткаруу жагы айыл башчы Р. Абытовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |