Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз
5-отуруму
2026-жылдын 23-марты №5/1
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир жана Жар-Кыштак айылдарынын сугат суу каналдарын Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүдө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык Курманжан Даткаайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Тектир айылынан Савай каналы 880,0 метр, Тегирмен Арык каналы 2200,0 метр жана Жар-Кыштак 520 метр сугат суу каналдары Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын аткаруу жагы айыл башчы Р. Абытовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |