Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз
5-отуруму
2026-жылдын 23-марты №5/2
Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондундагы жерлери үчүн ижара акысынын төлөмдөрүн бекитип берүү жөнүдө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык Курманжан Даткаайылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу төмөндөгүдөй айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондундагы жерлери үчүн ижара акысы бекитилип берилсин.
- Сугат айдоо – 1 га жер аянтына 4640 сом;
- Кайракы айдоо - 1 га жер аянтына 1246 сом;
- Чөп чабынды 1 га жер аянтына 1108 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартибине ылайык түзүлгөн комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |