Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 1
Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 13-мартындагы №02/435 сандуу каты менен келген Мамлекеттик Салык кызматынын калктуу конуштардын таштандыларды чыгаруунун ставкаларын бекитүү, жыйымды төлөө мөөнөттөрүн белгилөө жөнүндөгү чыгыш каты жөнүндө
Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси Орунбаев Бектур Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын Мамлекеттик Салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 11-мартындагы № 8/808 сандуу чыгыш катты окуп тааныштыргандан кийин айылдык кеңештин депутаттары кеңири карап талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Айыл аймагындагы коммерциялык ишканаларда таштандыларды ташып чыгаруу 100 (жүз) сомдон белгилөөгө макулдук берилсин.
2.Айыл аймагындагы таштандыларды ташып чыгаруу жыйымды төлөө жана эсептөөнү тапшыруу мөөнөтү ар бир жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин.
3.Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетекчисинен жыйымдарды төлөө, тапшыруу мөөнөтүнө көңүл буруп бул чаралар жергиликтүү бюджеттин салык эмес кирешелерин толук жана өз убагында жыйууну камсыз кылгандыгына багытталгандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы талап кылынсын.
4.Токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясына жана Мамлекеттик Салык кызматына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент,депутаттык этика,коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |