Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 2
Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын
12-августундагы №03/2332 сандуу чыгыш катынын негизинде Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан Ленин көчөсүнүн аталышына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.ТопчубаеванынКара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 12-августундагы №03/2332 сандуу чыгыш каты менен тааныштырып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун жетекчилигинин алдында өткөрүлгөн 2025-жылдын 17-июлундагы №18-7636 сандуу протоколун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 “Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндогү токтомуна ылайык , Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылындагы В.И.Ленин көчөсүнүн ысымын кайра атап “Манас” көчөсү деп кайра өзгөртүп атоого сунушталган каты менен тааныштырып аны өзгөртүүгө макулдук берүүнү сунуштады. Бул маселени кеңири карап талкуулап чыгып, кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Кашкар-Кыштак айылындагы В.И.Лениндин ысымын алып жүргөн көчөнү “Манас” көчөсү деп кайра өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кашкар-Кыштак айылындагы В.И.Ленин көчөсүнүн чек аралары, жайгашкан жери өзгөртүүсүз калтырылсын.
2.Токтомдун бир нускасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу кадастр, жер ресурстары, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Суу филиалына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |