Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 3
Ала-Тоо айыл аймагындагы муниципалдык агын суу “Бир багыт” ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык Министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 24-февралындагы №01-4/116 чыгыш сандуу каты менен тааныштырып Ала-Тоо айыл аймагындагы муниципалдык агын суу “Бир багыт” ишканасынын тарифтерин бекитип берүүнү сунуштады. Депутаттар бул маселени карап чыгып талкуулап, кеңештин сесииясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагындагы дыйкандардын эгилген эгиндерине агын суу менен камсыз кылуу үчүн ар бир гектарына 3000 (үч миң) сомдон белгилөөгө макулдук берилсин.
2.Дыйкандардын өстүргөн эгиндерине жыл ичинде эгиндин түрүнө карап суу жеткирип берүү жагы ишкананын жетекчилерине тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |