Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 4
Ала-Тоо айыл аймагынын “Ала-Тоо Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева айылдык кеңештин депутаттарына айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 24-мартындагы №01-13/648 сандуу чыгыш катында көрсөтүлгөн ишкананын ишин үзгүлтүксүз камсыздоо максатында калк жашаган пункттардан, комерциялык уюмдардан жана мекемелерден таштандыларды ташып чыгаруу кызматтарынын тарифтерин бекитүү жана экологиялык абалын жакшыртууга багытталган маселени колдоп берүүнү сунушталган каты менен тааныштырды.Айылдык кеңештин депутаттары бул маселени кеңири карап, таанышкандан кийин айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын тоо зонасында жашаган калк үчүн:
а) Ар бир кожолуктан ай сайын келишимдин негизинде – 100 (жүз) сомдон;
б) Аймактагы жалгаз бой жашаган жарандар үчүн жеңилдетилген тариф менен ай сайын-50 (элүү) сомдон;
в) Комерциялык обьектер үчүн ар бир кабына -70 (жетимиш) сомдон;
г) Жакынкы айылдарга ар бир кожолукка ай сайын келишимдин негизинде 150 (жүз элүү) сомдон тарифтерин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Жогорудагы белгиленген тартипте келишим түзүп, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Ала-Тоо тазалык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Ала-Тоо тазалык муниципалдык ишкананын жүргүзүп жаткан ишин такай көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүно тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иши регламент, депутаттык этика, коомдук уюмдар дин иштери боюнча комиссиясына жүктөлүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |