Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 5
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин 2019-жылдын 05-сентябрындагы № 01-18/84 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону депутаттарга тааныштырды. Депутаттар сессияда кеңири карап талкуулап чыгып,кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.
3.Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет (же токтомдо башка мөөнөттү көрсөтсө болот, мисалы, "расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин").
4.Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (айыл аймагынын расмий веб-сайтына).
5.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөөнү айыл өкмөт башчысы Б.С.Берикбаевке жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |