Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 6
Ала-Тоо айыл аймагындагы 2026-жылдын жазгы талаачылык иштерине даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба техникаларынын даярдыгы жана айылдар аралык каналдардын, ички арыктардын вегетациялык сугат мезгилине даярдоонун абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева айылдык кеңештин 2026-жылга түзүлгөн иш планынын негизинде жазгы талаачылык иштеринин абалы жөнүндөгү маселени айыл өкмөтү тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматты окуп таныштырды. Депутаттар кеңири талкуулап чыгып, кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында 2026-жылдын жазгы талаачылык жумуштарынын жалпы даярдыктарынын жүрүшү негизинен канаттандырарлык деп табылсын.
2.Аткарылган иштердин айрым кемчилдиктерди четтетип анын аткарылышы боюнча кошумча маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине билдирилип, аны козөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба ,суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |