Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 7
Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан Отуз-Адыр (Беш-үй) участогунун деталдуу пландаштыруу долбоору (ДТП) менен айкалышкан башкы планды бекитүү жөнүндөгү 2026-жылдын 10-мартындагы №01-4/2218 сандуу чыгыш каты жөнүндө
Ала-Тоо айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Топчубаева Кара-Суу районунун шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан Отуз-Адыр (Беш-үй) участогунун деталдуу пландаштыруу башкы планын бекитип берүү боюнча катты тааныштырып аны бекитип берүү керектигин айтты. Кыргыз Республикасынын курулуш,архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик министрлигине караштуу шаар куруу жана архитектура департаментинин өкүлү башкы план боюнча түшүндүрмө берип кетти.Депутаттар кеңири талкуулап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик министрлигине караштуу шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан Ала-Тоо айыл аймагынын (Беш-үй) участогунда (ДТП) менен айкалышкан долбоордун негизинде иштелип чыккан башкы планын бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун түп нускасы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура департаментине жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо,архитектура курулуш, турак жай, жер айыл чарба, суу чарба маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |