Загрузка документа…
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Тоо айылдык кеңешинин кезектеги он алтынчы сессиясы
2026-жылдын 25-марты № 8
Ала-Тоо айыл аймагындагы “Ала-Тоо таза суу” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Ала-Тоо айыл аймагындагы “Ала-Тоо таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Абдиев Элдиярдын айыл аймагында жашаган айылдарда суу түтүктөрдүн эскилиги жана жарамдуулугу бүтүп жаңыланууга аргасыз болгондугун санитардык коргоо зоналары курулуп, дозотор хлор коюу керектигин жана скважиналарды коргоо зонасын жаңылап, белгилерди жаңылап видео байкоо көзөмөл койдуруп беш скважина капиталдык ремонттоого муктаж экендигин айтып энергокризиске байланыштуу насосторду камдоо, экскуватор жана водовоз алуу керектигин айылдык кеңештин депутаттарына ишкананын 2026-жылдын 26-январындагы №1 чыгыш сандуу каты менен тааныштырып таза сууга болгон тарифтерди көтөрүп бекитип берүүгө макулдук берүүнү сунуштады.Депутаттар бул маселени карап кеңири талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы
Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагында элдерди таза суу менен толук камсыз кылуу аймактагы ар бир кожолуктан калктын жашаган санына карап, ар бир кожолуктан 250 (эки жүз элүү) сомдон, бир киши жашаган кожолуктан 70 (жетимиш) сомдон,эки жашаган кожолуктан 140 (бир жүз кырк) сомдон, суу эсептегич менен 1м3 м 20(жыйырма) сомдон тарифтерин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Ар бир кожолук менен келишимди мыйзам чегинде иш жүргүзүп элдерди ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагы таза суу муниципалдык ишкананын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, уюштуруу иштери маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, спорт, билим берүү, саламаттыкты сактоо,миграция туризм боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Ф.Ф.Юсупов |