Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-октябры № 98
Мамлекеттик менчиктеги айрым мүлктөрдү мунципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаарынын аймагындагы айрым мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 6-октябрындагы №51, №52, №53 чечимдерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкү мамлекеттик менчиктеги мүлктөрдү Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
–LiXiang L9 (LXA6520SHEVX05, HLX33B129R1073773) үлгүсүндөгү автоунаа каражаты;
–Ош шаарынын Алымбек Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Туран кичи районунун №29 дарегинде жайгашкан 2000,0 чарчы метр жер тилкеси;
–Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош областтык башкармалыгынын балансындагы Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн № 7 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1500,00 чарчы метр жер тилкеси;
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |