Редакцияот 07.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 7-апрели № 44

 

Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) апробация - бир түрдөгү малдын жалпы тобунун малдын белгилүү бир породасына, тибине. линиясына, кроссуна таандыктыгын белгилөө мүмкүндүгүн берген талаптарга шайкештигин аныктоо;

2) бонитер - бонитировкалоо боюнча кызмат көрсөтүү ишин жүзөгө ашыруучу жеке адам;

3) бонитировкалоо - тиешелүү классты же индексти ыйгаруу менен чарбалык пайдалуу белгилеринин комплекси (породасы, өндүрүмдүүлүк сапаттары. экстерьердик-конституционалдык өзгөчөлүктөрү) боюнча малдын асыл тукум баалуулук деңгээлин аныктоо;

4) буфердик чөлкөм - биологиялык жана ветеринардык коргоонун өзгөчө деңгээлине ээ болгон, чарбалык иш чектелген аймак;

5) геномдук баалоо - малдын геномдук маалыматынын негизинде андан ары көбөйтүү үчүн асыл тукум баалуулугун эң эрте жашында аныктоо;

6) геномдук селекция - малдын дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин (ДНК) түзүмү жана анын экстерьеринин ортосундагы өз ара байланышты белгилөө, популяциянын азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилерин табуу жана бекемдөө ыкмасы;

7) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль (көзөмөл) - жеке жана юридикалык жактардын асыл тукум мал чарбасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыз кылууга багытталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин жыйындысы;

8) асыл тукум малдын уругун сатуу боюнча дистрибьютордук борбор (мындан ары - дистрибьютордук борбор) - асыл тукум өндүргүч малдын тукумунун сапаты боюнча бааланган урукту сатып алуу, сактоо жана сатуу боюнча асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жак;

9) заводдук тип - породанын бөлүгү болуп саналган, бул порода үчүн жалпы касиеттерге ээ болгондон тышкары азыктуулугу, дене түзүлүшүнүн мүнөзү жана конституциясы боюнча айырмаланган айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон. көбөйтүү чөлкөмүнүн шарттарына мыкты ыңгайлашкан, ылаңга чыдамдуу айыл чарба малынын тобу;

10) заводчу - мал туулган учурдагы энесинин ээси;

11) асыл тукум малдын идентификациялык номери - визуалдык. электрондук жана аралаш маалымат каражаттарын пайдалануу менен идентификацияланган малга ыйгарылган номер, ал анын жашоосунда өзгөрүлбөйт жана малдын бир түрүнүн чегинде уникалдуу болуп саналат;

12) "Асыл тукум" асыл тукум мал чарбасы жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик маалымат тутуму (мындан ары - "Асыл тукум" БММТ) - асыл тукум мал чарбасы жаатындагы маалыматтарды комплекстүү чогултуу. эсепке алуу, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн, ошондой эле асыл тукум продукциясынын (материалынын) бирдиктүү паспортторун түзүү, жүргүзүү жана аларга жеткиликтүүлүктү берүү үчүн багытталган автоматташтырылган маалымат тутуму;

13) Асыл тукум продукциясынын (материалынын) бирдиктүү паспорту (мындан ары - Бирдиктүү паспорт) - асыл тукум малды же асыл тукум продукциясынын (материалынын) партиясын (бирдигин) идентификациялоочу жана эсепке алуу объектиси жөнүндө толук маалыматтарды камтыган "Асыл тукум" БММТиде түзүлүүчү жалгыз электрондук документ.

Анын түрүнө жараша Бирдиктүү паспорт төмөнкүлөрдү камтыйт: асыл тукум мал үчүн - асыл тукум малдын идентификациялык номерин, тегин, азыктуулук сапаттарын, асыл тукум баалуулугун, бонитировкалоонун жана молекулалык-генетикалык экспертизанын натыйжаларын, ошондой эле ээси (заводчу) жөнүндө маалыматтарды; башка асыл тукум продукциясы (материалы) үчүн - баштапкы малды идентификациялоочу маалыматтарды, анын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн;

14) кросс - бир линиядагы малды башка линиядагы мал менен аргындаштыруудан келип чыккан айыл чарба малынын тобу;

15) биотехнология жана төлдөтүү лабораториясы - айыл чарба малын төлдөтүү жана жасалма уруктандыруу, биологиялык материалды (сперма, ооциттер, эмбриондор) криоконсервациялоо жана генетикалык материалды сактоо үчүн асыл тукум продукцияны (материалды) өндүрүү боюнча лаборатория;

16) линия - асыл тукум жана азыктуулук сапаттары тиешелүү тандоо жана тандап алуу тутуму менен колдоого алынган жана өркүндөтүлгөн атактуу тукумдан тараган породадагы асыл тукум айыл чарба малынын тобу;

17) асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү лицензияланган орган - асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө бонитировкалоо, жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду трансплантациялоо, жүндү классификациялоо боюнча окутууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;

18) молекулалык генетикалык экспертиза - малдын тегинин аныктыгын баалоо жана (же) генетикалык аномалияларын табуу максатында жүзөгө ашырылуучу малдын биологиялык материалын изилдөө;

19) асыл тукум мал - белгилүү бир породаны төлдөтүү үчүн пайдаланылуучу жана Асыл тукум продукциясынын (материалынын) бирдиктүү паспортуна ээ болгон айыл чарба малы;

20) асыл тукум өндүргүч мал - асыл тукум малды төлдөтүү үчүн пайдаланылуучу асыл тукум эркек мал;

21) асыл тукум эне аарысы - асыл тукум аары уюгун көбөйтүүнү камсыз кылуучу уруктандырылган асыл тукум ургаачы аары;

22) асыл тукум аары уюгу - породалык белгилерин өзүнүн тукумуна түз өткөрүп берүүчү жогорку азыктуу, породасы таза жана жогорку класстагы аары уюгу;

23) аары топтому - өзүнүн курамында асыл тукум уруктандырылган эне аарысы, төлү (бал уюкчасында), тирүү аарылары жана ташууда аарылар үчүн зарыл болгон азыктары бар асыл тукум аары уюгунан бөлүнгөн аарылардын тобу;

24) асыл тукум чарба - асыл тукум заводу жана фермасы статусуна ээ болгон, белгилүү түрдөгү жана породадагы асыл тукум малды көбөйтүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъект;

25) асыл тукум ишкана - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимине ылайык өндүргүч асыл тукум малды багуу боюнча иш жүргүзүүчү, алардын уруктарын, эмбриондорун алуу. топтоо, сактоо, сапатын контролдоо жана сатуу менен алектенүүчү юридикалык жак;

26) асыл тукум продукциясы (материалы) - асыл тукум мал, ошондой эле асыл тукум малдан алынган урук, эмбриондор, инкубациялык жумуртка, бир суткалык жөжө, балыктын икрасы, личинкасы жана чабагы, асыл тукум эне аарылары, асыл тукум аары уюктары жана аары топтомдору;

27) асыл тукум баалуулугу - асыл тукум малдын тукумдун чарбалык пайдалуу белгилерине таасир этүүчү генетикалык дараметинин деңгээли;

28) асыл тукум мал чарбасы - генетикалык дарамети жогору малды төлдөтүүгө, аларды сактоого жана көбөйтүүгө багытталган асылдандыруу ишинин тутуму менен камтылган мал чарбасынын тармагы;

29) асылдандыруу иши - милдети өндүрүмдүүлүгү эң жогорку жана тукумуна чарбалык пайдалуу белгилерин максималдуу берүүгө жөндөмдүү малды алуу болуп саналган иш-чаралардын тутуму;

30) асыл тукум заводу - таза породалуу малды, белгилүү бир породадагы канаттууларды, балыктарды жана аарыларды көбөйтүү менен алектенүүчү, ошондой эле малдын жана канаттуулардын породаларынын типтерин жана линияларын өркүндөтүү боюнча тереңдетилген селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүчү айыл чарба ишканасы;

31) асыл тукум фермасы - дыйкан, фермердик жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге сатуу, ошондой эле өзү төлдөтүү үчүн жогорку класстагы асыл тукум малды, белгилүү бир түрдөгү жана породадагы канаттууларды жана балыктарды көбөйтүү менен алектенүүчү айыл чарба субъектиси;

32) генофонду чектелүү порода - селекциялык максатта пайдалануу үчүн зарыл болгон жана жок болуу коркунучунда турган дүйнөдө аналогу жок ата мекендик породадагы сейрек кездешүүчү малдын тобу;

33) порода - адам тарабынан жаратылган. ушул түрдүн башка породаларынан айырмалоого мүмкүндүк берүүчү жана тукумуна туруктуу 'берилүүчү малдын ушул тобуна мүнөздүү генетикалык жактан шартталган биологиялык жана морфологиялык чарбалык пайдалуу касиеттерге ээ жалпы тектеги малдын тобу;

34) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттердин реестри - аттестациядан өткөн жана бул тутумда катталган жеке жана юридикалык жактардын тизмегин камтыган. "Асыл тукум" БММТинин жалпыга жеткиликтүү бөлүгү;

35) айыл чарба малы - адам тарабынан көбөйтүлүүчү, айыл чарба өндүрүшүнө түздөн-түз тиешеси бар малдын, канаттуулардын, балыктардын жана аарылардын бардык түрлөрү;

36) селекциялык жана асыл тукум иши - малды көбөйтүүдө анын азыктуулугу боюнча эң жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн ырааттуу иш-аракеттердин жыйындысы;

37) адистештирилген лаборатория - молекулалык-генетикалык экспертиза жүргүзүүчү аккредиттелген юридикалык жак. ошондой эле юридикалык жактын аккредиттелген түзүмдүк бөлүмү;

38) породанын стандарты - мал чарбасы чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө уюму тарабынан иштелип чыккан жана асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген фенотиптик жана азыктуулук көрсөткүчтөрү боюнча тиешелүү породадагы асыл тукум малга карата минималдуу талаптар;

39) мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин субъекттери - асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш менен алектенүүчү жеке жана юридикалык жактар;

40) уруктандыруучу техник - сертификат алган жана асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жасалма уруктандыруу, айыл чарба малынын эмбриондорун трансплантациялоо (көчүрүү) боюнча кызматтарды көрсөтүүгө карата ишин баштоо (токтотуу) жөнүндө кабарлаган жеке адам;

41) эмбриондорду трансплантациялоо (көчүрүү) - асыл тукум малдан көбүрөөк сандагы тукум алуунун биотехнологиялык ыкмасы;

42) асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу асылдандыруу ишин башкаруу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;

43) таза кандуу мал - көптөгөн муундар бою башка кан аралашпаган белгилүү породанын өкүлдөрүнөн алынган мал;

44) таза породалуу мал - төрттөн кем эмес муундагы түпкү теги бир эле породага же тектеш породаларга таандык болгон мал, ошондой эле бир породанын канынын үлүшү 93,75 пайыздан кем болбогондо тектеш эмес породаларды аргындаштыруунун натыйжасында алынган мал;

45) эмбрион - уруктандырылган жумуртка клеткасынан өсүп келаткан түйүлдүк.

2-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ишти уюштуруунун негизги принциптери

Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү иш төмөнкү принциптерге негизделет:

1) селекциялык-асыл тукум ишин уюштуруу;

2) натыйжалуулугун жана асыл тукум баалуулугун жогорулатуу;

3) породанын сакталышын камсыз кылуу;

4) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү маалыматтардын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу.

3-берене. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана мал чарбасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан. ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Ушул Мыйзам асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруу жана экономикалык негиздерин аныктайт, асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын. жеке жана юридикалык жактардын ишин жөнгө салат, асыл тукум малдын генофондун сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле көбөйтүлүп жаткан малдын төлдөөсүнө жана азыктуулук сапатын жакшыртууга багытталат.

4-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттердин экономикалык ишинин өзгөчөлүктөрү

1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте асыл тукум заводу жана фермасы статусун ыйгаруу жана андан ажыратуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлөт жана иштейт.

2. Жер участоктору жана көлмөлөр жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарында каралган тартипте асыл тукум малдарды көбөйтүү үчүн берилет.

3. Жер участокторуна жана көлмөлөргө болгон укуктар, аларды берүү тартиби жана пайдалануу режими, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарында аныкталат.