Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-октябры № 99
Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы №54 “Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы “Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндөгү” №54 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 2-октябрындагы №9 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 3-июлундагы №54 “Ош шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттеринин тизмесин бекитүү жөнүндөгү” токтому менен бекитилген 1-тиркемедеги Ош шаарындагы тарыхый-маданий мурастарынын “ I Имараттар” бөлүмүнөн “17. Маданият башкармалыгынын имараты” пункту алынып салынсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына ( А.К.Тентимишова) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |