Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 30
“Курама-Суу” муниципалдык ишканасына социалдык фондго болгон салык карызын төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен акчалай жардам көрсөтүү жөнүндө
“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.С.Тынаевдын айылдык кеңешке жолдогон №26 кайрылуу катынын негизинде, ишкананын социалдык фондго болгон салык карызын төлөө маселесин карап чыгып, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МИ “Курама-Суунун” социалдык фондго болгон салык карызын төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 200000 (эки жүз миң) сом акчалай жардам көрсөтүлсүн.
2. Бөлүнгөн каражаттын туура жана максаттуу колдонулушу боюнча жоопкерчилик МИ “Курама-Суу” директору М.С.Тынаевга жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |