Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-октябры № 100
“Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек» муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек» муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө Ош шаарынын мэринин орун басары С.Аманованын сунушун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 6-октябрындагы №15 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.“Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек» муниципалдык мекемесин түзүүгө макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (А.Тургунбаев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |