Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 32
Ата-энелердин ыктыярдуу салымы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы Nº7 токтомунун негизинде "Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык жана окуу базаларына колдоо көрсөтүүгө ата-энелер коомчулугунун катышуусу жөнүндө" жобого ылайык, ошондой эле айылдык кеңештин депутаты Н.Дж. Джумагулованын кайрылуусунун негизинде, Курама айыл аймагынын мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы Nº7 токтомунун негизинде ата-энелерден ыктыярдуу негизде жыл сайын 340 (үч жүз кырк) сом өлчөмүндө взнос алуу белгиленсин.
2. Түшкөн каражаттар ар бир бала бакчанын материалык-техникалык жана окуу базасын чыңдоого, зарыл болгон муктаждыктарын жабууга жумшалсын.
3. Ата-Энелерден чогулган каражаттардын сарпталышы ата-энелер комитетинин жана бала бакча жетекчилигинин көзөмөлүндө болсун.
4. Бул токтомдун аткаруу жагы Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.К. Джумагулов |