Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-октябры № 101
Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү №270 Жарлыгынын негизинде жана Кезектеги IV Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын календардык планын аткаруу максатында, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.2025-жылдын 1-ноябрында саат 10-00 дө Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйыны өткөрүлсүн.
2.Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучулардын саны 300 (үч жүз) деп белгиленсин.
3. Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилсин:
3.1. Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын төрагасын шайлоо
3.2. Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын катчысын шайлоо
3.3. Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынынын эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү
3.4. 2025-жылдын 22-декабрында өтө турган Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо.
4.Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин (1-тиркеме).
5.Муниципалдык аймактарда жана Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактарында Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, өкүлчүлүк ченемдери жана чогулуштарды алып бара турган жумушчу топтун мүчөлөрүнүн тизмелери бекитилсин (2-тиркеме).
6.Ош шаарынын мэриясына (Токторбаев Ж.Ш.) Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоо жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин камсыздоо милдеттендирилсин.
7.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каржаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |