Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 33
Курама айыл аймагында иштерди Курама айыл өкмөтү менен “Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын муниципалдык буйрутманын негизинде иш алып баруусу тууралуу
Курама айыл аймагында аткарылуучу иштерди уюштуруу жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагында жүргүзүлүүчү чарбалык, тейлөө жана коммуналдык иштерди Курама айыл өкмөтү менен “Курама-Суу” муниципалдык ишканасы ортосунда муниципалдык буйрутманын негизинде ишке ашыруу белгиленсин.
2. Муниципалдык буйрутманын алкагында ишкананын милдеттерине сууну камсыздоо, инфраструктураны тейлөө, жана айыл аймагынын жалпы чарбалык иштерине катышуу кирсин.
3. Аткарылган иштер боюнча каржылоо жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |