Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 34
“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө
“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 жана 19-беренелерине, “Мамлекеттик жана муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Курама-Суу “муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баалары төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
· Жүк жүктөөчү машина (фронтальный погрузчик) 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.
· Авто мунара 1 саатка (авто вышка) 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.
· Экскаватор 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.
· Трактор 1 саатка 800 (сегиз жүз) сом дизель/бензин өзүнчө эсептелет.
2. Социалдык жактан аз камсыз жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 50% (элүү пайыз) арзандатуу колдонулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укугу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |