Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 36
“Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылында жайгашкан Обелисктин тегерегин оңдоп-түзөө жана жакшыртуу” боюнча
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жайгашкан Обелиск аймагын оңдоп-түзөө жана жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу боюнча берген маалыматын угуп, талкуулап бул долбоор дем берүүчү гранттын эсебинен жалпы бюджеттин өлчөмү 5 543 193 сомду түзөт (беш миллион беш жүз кырк үч миң бир жүз токсон үч сом), анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн салымы 1 108 638,60 сомду түзөт (бир миллион бир жүз сегиз миң алты жүз отуз сегиз сом 60 тыйын).
Депутаттар төмөнкүлөрдү белгилешти: Панфилов айылында 1975-жылы курулган жана Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган Обелиск жайгашкан. Ошол убактан бери Обелиск аймагынын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул жер кайтыш болгон баатырларга болгон урмат-сыйды жана эскерүүнү сактап калуу символу болушу керек. Жогоруда айтылганды эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов айылындагы Обелиск аймагын оңдоп-түзөө жана жакшыртуу боюнча долбоорду бекитип, жергиликтүү бюджеттен 1 108 638,6 сом (бир миллион бир жүз сегиз миң алты жүз отуз сегиз сом 6 тыйын) каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |