Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 37
“Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жайгашкан Сарымсакова көчөсүн асфальттоо иштери” боюнча
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын “Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жайгашкан Сарымсакова көчөсүн асфальттоо иштери” боюнча дем берүүчү гранттын долбоорунун жалпы баасы 4 099 513(төрт миллион токсон тогуз миң беш жүз он үч сом) түзөрүн, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн каржылык салымы 819 902,6 сомду (сегиз жүз он тогуз миң тогуз жүз эки сом 60 тыйын) түзөрүн маалымдаган. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жайгашкан Сарымсакова көчөсүн асфальттоо иштери” боюнча долбоорду бекитип, жергиликтүү бюджеттен 819 902,6 сом (сегиз жүз он тогуз миң тогуз жүз эки сом 60 тыйын) каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |