Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 38
“Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылында жайгашкан Базарная көчөсүн асфальттоо иштери” боюнча
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын “Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жайгашкан Базарная көчөсүн асфальттоо иштери” боюнча дем берүүчү гранттын долбоорунун жалпы баасы 4 925 525(төрт миллион тогуз жүз жыйырма беш миң беш жүз жыйырма беш сом) түзөрүн, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн каржылык салымы 985 105 сомду (тогуз жүз сексен беш миң жүз беш сом) түзөрүн маалымдаган. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусунун Панфилов районундагы Панфилов айылында жайгашкан Базарная көчөсүн асфальттоо иштери” боюнча долбоорду бекитип, жергиликтүү бюджеттен 985 105 сом (тогуз жүз сексен беш миң жүз беш сом) каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |