Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 39
“Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылында жайгашкан Клубная жана Школьная көчөлөрүн асфальттоо иштери” боюнча
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын “Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылында жайгашкан Клубная жана Школьная көчөлөрүн асфальттоо иштери” боюнча дем берүүчү гранттын долбоорунун жалпы баасы 5 969 931(беш миллион тогуз жүз алтымыш тогуз миң тогуз жүз отуз бир сом) түзөрүн, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн каржылык салымы 1 193 986,2 сомду (бир миллион бир жүз токсон үч миң тогуз жүз сексен алты сом 20 тыйын) түзөрүн маалымдаган. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылында жайгашкан Клубная жана Школьная көчөлөрүн асфальттоо иштери” боюнча долбоорду бекитип, жергиликтүү бюджеттен 1 193 986,2 сом (бир миллион бир жүз токсон үч миң тогуз жүз сексен алты сом 20 тыйын) каражат бөлүнсүн.
2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |