Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 40

 

“Панфилов районунун Эфиронос айылынын Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери” боюнча

(Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №13 токтомунун редакциясына ылайык)

Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын Панфилов районундагы Эфиронос айылында жайгашкан Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча дем берүүчү гранттын долбоорунун жалпы баасы 6 288 105 (алты миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) түзөрүн, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн каржылык салымы 1 288 105 сомду (бир миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) түзөрүн маалымдаган. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эфиронос айылындагы Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча долбоор бекитилип, жергиликтүү бюджеттен 1 475 505 сом (бир миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз беш сом) каражат бөлүнсүн.

(Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №13 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.К. Джумагулов