Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 42
“Спорт комплексиндеги жылытуу казанын алмаштыруу жөнүндө”
Аталган маселе боюнча машыгып жаткан балдардын ата-энелеринен түшкөн көптөгөн өтүнүчтөрдү жана спорт комплексинде колдонулуп жаткан жылытуу казанынын иштен чыгышына байланыштуу жаңы казан сатып алуу зарылдыгы боюнча келген жазуу түрүндөгү кайрылууларды карап чыгып, жаштардын спорт менен машыгышы үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү максатын эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттен 300 000 (үч жүз миң) сом бөлүп, Панфилов айылында жайгашкан спорт комплекстин жылытуу казанын алмаштырууга багытталсын.
2. Көрсөтүлгөн каражаттарды мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берүү үчүн Курама айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнө ыйгарым укук берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Оңдоо иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, бөлүнгөн каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыз кылуу жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |