Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-декабры № 44
Орто-Арык айылындагы Инновациялык борбордун имаратын ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы №189 буйругу менен бекитилген Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык, Курама айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылында жайгашкан Инновациялык борбордун имаратын натыйжалуу пайдалануу максатында, Курама жергиликтүү кеңешинин депутаттары маалыматты угуп жана талкуулап, Курама айылдык кеңешинин X-чакырылышынын 12-кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Курама айыл аймагынын Орто-Арык айылында жайгашкан инновациялык борбордун имараты ачык аукцион (конкурс) жолу менен ижарага берилсин.
2. Инновациялык борбордун имаратын ижарага берүү боюнча аукционду уюштуруу жана өткөрүү иштери Курама айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттарында жана расмий маалымат такталарында жарыялансын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага милдеттендирилсин.
Төрага | А.К. Джумагулов |