Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 219 токтомуна)
Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасында иштөөгө уруксат берилген актуарийлерди жана камсыздандыруу брокерлерин Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) мамлекеттик каттоо, каттоодон баш тартуу, кайра каттоо жана андан чыгаруу талаптарын белгилейт.
2. Актуарийлер жана камсыздандыруу брокерлери Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу рыногун жөнгө салуу жана камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) Реестрге каттоо жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып ишти жүзөгө ашыруу укугуна ээ болот.
2-глава. Реестрди жүргүзүү
3. Реестрди жүргүзүү ага маалыматтарды (реестрдик жазууларды) киргизүүнү, Реестрге киргизилген маалыматтарды сактоону, купуялуулугун камсыз кылууну (Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларда), ошондой эле реестрдик иштерди түзүүнү жана сактоону камтыйт.
4. Реестр электрондук түрдө (компьютердик программа) ыйгарым укуктуу орган тарабынан реестрдик жазууларды киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
5. Реестрдик жазуулар Реестрге ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу кызмат адамы (мындан ары - кызмат адамы) тарабынан киргизилет, ал Реестрге киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
6. Ыйгарым укуктуу орган Реестрди түзүү жана үзгүлтүксүз иштеши, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин реестрдик жазууларга регламенттелген жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана Реестрди техникалык жактан коштоп туруу үчүн жоопкерчилик тартат.
7. Реестр төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
1) актуарийлердин реестри;
2) камсыздандыруу брокерлеринин реестри.
8. Реестрдин алкагында актуарий же камсыздандыруу брокери катары иштөөгө уруксат берилген актуарийди жана камсыздандыруу брокерин каттоо мамлекеттик каттоо номеринин (мындан ары - МКН) негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Актуарий жана/же камсыздандыруу брокери Реестрге алгачкы жолу катталганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан аларга МКН ыйгарылат жана алардын ишин токтогонго чейин өзгөрүлбөйт. Алар Реестрден чыгарылганда МКН кайрадан ыйгарылбайт.
10. МКН түзүү санариптик каттоо номерин төмөнкүдөй форматтарда ыйгаруу аркылуу жүргүзүлөт:
АБ, мында:
А - каттоо субъектинин коду, мында 1 - актуарий, 2 - камсыздандыруу брокери;
Б - каттоонун катар номери, мында реестрдин ар бир бөлүмү үчүн катар номер 0001ден баштап өзүнчө жүргүзүлөт жана ар бир категориянын ичинде катары менен ыйгарылат.
Мурда колдонулган МКНди кайра ыйгарууга жол берилбейт. Актуарий же камсыздандыруу брокери Реестрден чыгарылган учурда анын каттоо номери жокко чыгарылат жана кайра колдонулушу мүмкүн эмес.
3-глава. Реестрде каттоо же каттоодон баш тартуу тартиби
11. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында жана ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берген актуарийди каттоо үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арызды берет, ошондой эле төмөнкү документтерди жана маалыматтарды кагаз түрүндө тапшырат:
1) паспорттун көчүрмөсү (чет өлкөнүн жараны үчүн);
2) байланыш телефондун номери; электрондук почтанын дареги (эгер бар болсо); расмий сайттын дареги (эгер бар болсо);
3) эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
4) каттоо жыйымы төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
5) квалификацияны тастыктаган документ.
12. Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында жана ушул Тартипте белгиленген талаптарга жооп берген камсыздандыруу брокерин каттоо үчүн камсыздандыруу брокери ыйгарым укуктуу органга ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү арызды берет, ошондой эле төмөнкү документтерди жана маалыматтарды кагаз түрүндө тапшырат:
1) уюмдаштыруу келишиминин же жалгыз уюмдаштыруучунун чечиминин, уюмдун уставынын, уставды кабыл алуу жөнүндө уюмдаштыруучунун чогулушунун протоколунун көчүрмөсү;
2) жайгашкан жери жөнүндө маалымат, анын ичинде бардык филиалдары жана өкүлчүлүктөрү (эгерде бар болсо), байланыш маалыматтары, электрондук почтанын дареги (эгерде бар болсо), расмий сайттын дареги (эгерде бар болсо);
3) каттоо жыйымы төлөнгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
4) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү уставдык капиталдын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
5) жеке же коллегиалдуу аткаруу органынын жетекчисинин тиешелүү кесиптик билими жөнүндөгү дипломунун көчүрмөсү;
6) жеке же коллегиялуу аткаруу органынын жетекчисинин эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
7) башкы бухгалтердин тиешелүү кесиптик билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү;
8) башкы бухгалтердин эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
13. Ыйгарым укуктуу орган ошондой эле "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу төмөнкү документтерди кошумча суроого укуктуу:
1) паспорт;
2) жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк;
3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
4) жашаган жерин тастыктаган документ;
5) соттолбогондугу жөнүндө маалымкат.
14. Реестрде каттоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) актуарийдин же камсыздандыруу брокеринин Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбестиги;
2) арыз ээсинин ушул Тартипте белгиленген жалган же толук эмес маалыматты берүүсү;
3) арыз ээси тарабынан берилген документтердин Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбестиги.
15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 11, 12-пункттарында каралган арызды жана документтерди алган күндөн тартып 14 жумуш күндөн кечиктирбестен Реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алат. Реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу тууралуу чечим ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү актысы менен таризделет.
Реестрде каттоодон баш тартуу тууралуу чечим жүйөлөштүрүлүүгө жана Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Тартипке ылайык баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсин Реестрде каттоо жөнүндө же каттоодон баш тартуу тууралуу кабыл алынган чечим жөнүндө үч жумуш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
Ыйгарым укуктуу органдын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.