Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 193 токтомуна)
Кыргыз Республикасында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында коркунучтуу калдыктарды трансчек аралык ташууну мамлекеттик жөнгө салуу тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасында коркунучтуу калдыктарды трансчек аралык ташууну ишке ашыруу тартибин белгилейт.
2. Бул Тартиптин колдонулушу Базель конвенциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кооптуу деп таанылган калдыктарды ташууну ишке ашыруучу юридикалык жана жеке ишкер катары катталган жеке жактарга жайылтылат.
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) кооптуу калдыктарды ташып келүүчү мамлекет - анын аймагында утилдештирүү, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу же пайдалануу максатында кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү пландалган же ишке ашырылып жаткан мамлекет;
2) кооптуу калдыктардын транзиттик мамлекети - кооптуу калдыктарды ташуу пландалган же ишке ашырылып жаткан, ташып келүүчү же ташып чыгуучу мамлекет болуп саналбаган кандай болбосун мамлекет;
3) кооптуу калдыктарды ташып чыгуучу мамлекет - анын аймагынан кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү пландалган же ишке ашырылып жаткан мамлекет;
4) кызыкдар мамлекет - Базель конвенциясынын тарабы болуп саналып же саналбай тургандыгына карабастан ташып келүүчү, ташып чыгуучу же транзиттик мамлекет;
5) калдыктарды көмүү - булгагыч заттардын айлана-чөйрөгө түшүп кетүүсүн алдын алууга багытталган жана аларды андан ары пайдаланууну карабаган атайын сактагычтарда калдыктарды обочолонтуу;
6) кооптуу калдыктарды ташып келүүчү жак (импорттоочу) - кооптуу калдыктарды ташып келүүнү уюштуруучу, ташып келүүчү мамлекеттин юрисдикциясында турган юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
7) кооптуу калдыктарды ташып чыгуучу жак (экспорттоочу) - кооптуу калдыктарды ташып чыгууну уюштуруучу, ташып чыгуучу мамлекеттин юрисдикциясында турган юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
8) ыйгарым укуктуу орган - кооптуу калдыктарды ташып келүүгө, ташып чыгууга жана транзиттөөгө эксперттик корутунду берүүгө жана кооптуу калдыктарды трансчек аралык ташуу жөнүндө кызыкдар мамлекеттерге билдирүү берүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
9) лицензия берүүчү - кооптуу калдыктарды ташып келүүгө жана ташып чыгууга лицензия берүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
10) лицензия - I-V кооптуу класстагы калдыктарды ташууну (анын ичинде трансчек аралык), иштетүүнү, кайра иштетүүнү, зыянсыздандырууну, жок кылууну, сактоону, көмүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу күбөлөндүрүүчү документ;
11) калдыктар менен иштөө - калдыктарды чогултуу, ташуу, кайра иштетүү, утилдештирүү, зыянсыздандыруу жана жайгаштыруу менен байланышкан иштин бардык түрлөрү;
12) кооптуу калдыктар - курамында кооптуу касиетке ээ болгон заттарды камтыган жана адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө өз алдынча, ошондой эле башка заттар менен байланышканда түздөн-түз же потенциалдуу коркунуч келтирүүчү санда жана түрдө болгон өндүрүш жана керектөө калдыктары;
13) керектөө калдыктары - физикалык же моралдык эскирүүдөн улам керектөө сапатын жоготкон буюмдар, материалдар жана заттар. Керектөө калдыктарына адамдардын жашоо тиричилик процессинде пайда болгон катуу тиричилик калдыктары да кирет;
14) өндүрүш калдыктары - продукция өндүрүү же жумуш аткаруу процессинде пайда болгон жана керектөө касиеттерин толугу менен же жарым-жартылай жоготкон материалдардын, сырьёнун, жарым фабрикаттардын калдыктары, ошондой эле өндүрүш процессинде пайда болгон жана бул өндүрүштө колдонулбаган кошумча заттар;
15) кооптуу калдыктардын паспорту - I-V кооптуу класстагы калдыктардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөсүн күбөлөндүрүүчү документ;
16) кооптуу калдыктарды ташуучу - кооптуу калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
17) калдыктарды кайра иштетүү - калдыктарды экинчи сырьего же энергияга айландыруунун экологиялык жактан коопсуз ыкмасы;
18) калдыктарды өндүрүүчү - экономикалык иши, жашоо тиричилиги калдыктардын пайда болушуна алып келген юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер;
19) калдыктарды жайгаштыруу - калдыктарды сактоо жана көмүү боюнча кандай болбосун операция;
20) технологиялык регламент - калдыктарды кайра иштетүү/утилдештирүү технологиялык процессинин операцияларын жүргүзүү тартибин аныктоочу уюмдун техникалык документи;
21) кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү - кооптуу калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагына (аркылуу) кандай болбосун ташуу;
22) калдыктарды ташуу - Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары калдыктарды өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
23) калдыктарды трансчек аралык өткөрүү үчүн билдирүү - Базель конвенциясынын жана ушул Тартипке 4-тиркеменин талаптарына ылайык таризделген документ;
24) калдыктарды утилдештирүү - товарларды (продукцияны) өндүрүү, жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, энергия алуу үчүн калдыктарды пайдалануу.
Ушул Тартипте пайдаланылган башка түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык колдонулат.