Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он биринчи
сессиясы
2026-жылдын 18-марты № 11/63
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын 24.02.2026-жылдагы №01-01-8/170 сандуу чыгыш каты, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө Кодексинин 73,74,75-беренелерине, 76-беренесинин 2 жана 3 бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жазы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 03-февралындагы №3/16 токтомунун 2-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, төмөндөгүдөй баяндалсын.
2. Жазы айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн төлөмдөр төмөнкүдөй бекитилсин.
- Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерлерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;
- Таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин;
- Таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |