Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он экинчи
сессиясы
2026-жылдын 31-марты № 12/64
Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, АЖМФ жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2-беренесинин 2-3 пункттарына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын мааалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн АЖМФнын жерлерин иштетилиши жана 2025-жылдын аренда жыйымдарынын толук жыйналбагандыгы боюнча 2026-жылдын 2-кварталынын июнь айында толук жазуу түрүндө депутаттарга маалымат берүү Жазы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Жазгы талаа иштерин, эгиндерди убагында себүү, ички арыктарды тазалоо, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоону көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |