Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он экинчи
сессиясы
2026-жылдын 31-марты № 12/65
Кызыл-Тоо мектепке чейинки билим берүү мекемесине маркум Кубанычбектин ысмын ыйгаруу жөнүндө
“Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Кызыл-Тоо атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине маркум Кадырбеков Кубанычтын ысмын берүү жөнүндө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жазы айыл аймагынын Кызыл-Тоо айылында жайгашкан Кызыл-Тоо мектепке чейинки билим берүү мекемесине Жергиликтүү кеңештин 3 жолу чакырылыштын депутаты, айылдагы жаштар коомунун уюштуруучусу маркум Кубанычбектин ысмы ыйгарылсын.
2. Мекеменин документтерин кайрадан юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчисине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |