Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он экинчи
сессиясы
2026-жылдын 31-марты № 12/66
Жээренчи айылынын тургуну маркум Мамасаев Калыбайдын ысмын жаңы конуштагы көчөгө ыйгаруу жөнүндө
“Географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Жээренчи айылынын жашоочуларынын жыйынын протоколунун негизинде жаңы конуштагы көчөсүнө УАМСтын катышуучусу, “Эмгектин ардагери” маркум Мамасаев Калыбайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жээренчи айылынын жаңы конуштагы Касымалиев Тыныш көчөсүнөн түштүктөн түндүктү карай кеткен көчө менен кесилишкен көчөгө М.Акаевдин үйүнөн Калыбаев Алмаздын үйүнө чейин УАМСтын катышуучусу, “Эмгектин ардагери” маркум Мамасаев Калыбайдын ысмы ыйгарылсын.
2. Көчөдөгү үйлөргө катар номерлерди жана көчөнүн атын жаздырып илдирүү Калыбаевтердин үй бүлөсүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттык этика жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |