Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-декабры №99
Балык өстүрүүгө “Ачык жардан” жер берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплекстин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” 2024-жылдын 22-илундагы ПЖ №202 Кыргыз Республикасынын Жарлыгына ылайык, балык жана балык продукциясын өндүрүүнүн андан ары туруктуу өсүшү үчүн жагымдуу шаттарды түзүү жана аквакультура тармагына инвестицияларды тартуу менен Аӊ-Өстөн айылынын №166,169,170,171 контурундагы жалпы 4,74 га жерден балык өстүрүү үчүн жай уюштурууга “Ачык жардан” 1,5 га жер тилкесин ижарага берүү боюнча Оргочор айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповдун жана жер адиси К.Искаковдун билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
- Аӊ-Өстөн айылынын 2025-жылдын 16-декабрындагы элдик жыйынынын протоколу эске алынсын.
- “Ачык жардан” балык өстүрүүгө 1,5 га жерге тиешелүү документерин мыйзам чегинде бүтүрүү жагы тапшырылсын.
Тѳрага А.Тыныбеков