Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрели № 6/1
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканалардын штаттык бирдиги, айлык маяналары, жоболору жөнүндө
Кара-Суу финансы башкармалыгынын 2025-жылдын 26-мартындагы №01-2/94 сандуу катынын жана Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 08-апрелиндеги №1 протоколун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы муниципалдык ишканалардын жобосу, штаттык бирдиги, айлык маяналары иштелип чыгылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |