Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 10-октябры № 102
Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүнүн №221 дарегиндеги административдик имаратты Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүнүн №221 дарегинде жайгашкан административдик имаратты Ош шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын сунушун карап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы №54 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүнүн №221 дарегиндеги Ош шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жайгашкан имаратты Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |