Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрели № 6/2
Кара-Суу шаар аймагындагы билим берүү мекемелериндеги отканаларды “Кара-Суу Жылуулук” муниципалдык ишканасынын балансына берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын шаар аймагындагы билим берүү мекемелериндеги отканаларды “Кара-Суу Жылуулук” муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаар мэриясынын шаар аймагындагы билим берүү мекемелериндеги отканаларды “Кара-Суу Жылуулук” муниципалдык ишканасы ачылып, натыйжалуу иш алып баруу максатында балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |