Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрели № 6/4
Бөлүнгөн акча каражаттардын беренесин өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 10 -апрель №01-13/1314 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Эркин айылында Абдыразаков көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 9 350 000 сом бөлүнгөн акча каражатынан 3 051 935 сом акча каражатын сугат суу насос үчүн бөлүнсүн.
2. А.Жунусов көчөсүнө светофор үчүн бөлүнгөн 1 400 000 сом акча каражатын, мыйзамсыз курулуштар үчүн ар түрдүү чыгымдар беренесине өзгөртүлсүн.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |