Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 228 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объекттерин жана селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат жана интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарда жана ушул Эрежелерде аныкталган ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
3. Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин ичинен 7 мүчөдөн түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
2-глава. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар
4. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 31, 33, 34, 36, 38-беренелерине, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 16, 32, 41, 48-беренелерине, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 12, 15, 31-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй каршы пикирлер берилиши мүмкүн:
1) ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын жана маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
2) пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала экспертизанын чечимине;
3) өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын же маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
4) ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;
5) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирилген белгинин экспертизасынын чечимине;
6) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
7) географиялык көрсөтмөнү каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
8) товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
9) географиялык көрсөтмөнү каттоого жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү берүүгө каршы;
10) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү берүүгө каршы;
11) селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;
12) жаңылыкка кызыкдар кайсы болбосун адамга.
5. Апелляциялык кеңешке төмөнкүлөр жөнүндө арыздар берилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону токтотуу.
3-глава. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүү шарттары жана тартиби
6. Ушул Эрежелердин 4, 5-пункттарында каралган каршы пикирлер жана арыздар түздөн-түз арыз ээси тарабынан же анын өкүлү аркылуу берилет.
7. Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
8. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка тартип белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү каршы пикирлерди берет, Апелляциялык кеңеш менен кат алышат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жыйналыштарга катышат.
9. Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.
10. Чет өлкөлүк юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактын кызыкчылыктарын коргоого ишеним катты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө бул адам түздөн-түз өзү же кайра ишеним көрсөтүү тартибинде анын өкүлү (патенттик ишенимдүү өкүлү) берет.
Апелляциялык кеңешке кайра ишеним көрсөтүү тартибинде кызыкчылыктарды коргоодо эки: ишеним көрсөтүүчү тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган акыркы патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат же болбосо алардын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
11. Каршы пикир, арыз, ушул Эрежелерде каралган аларга тиркелген материалдар Апелляциялык кеңешке кагаз жүзүндө: почта байланышы аркылуу же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кириш корреспонденцияны кабыл алуу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилет.
12. Каршы пикир, арыз, ушул Эрежелерде каралган аларга тиркелген документтер жана материалдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
13. Кагаз жүзүндө берилген каршы пикирге же арызга каршы пикирдин жана арыздын көчүрмөлөрүн жана ага тиркелген PDF форматындагы документтерди жана материалдарды камтыган электрондук алып жүрүүчү тиркелет.
14. Каршы пикирди же арызды, ага карата пикирди, ошондой эле тараптардын түшүндүрмөлөрүн жана өтүнүч каттарын электрондук түрдө расмий сайт аркылуу берүүдө квалификацияланган санарип кол тамгасы колдонулат.
15. Каршы пикир же арыз бир өтүнмөгө, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке бир патентке, эл аралык каттоо боюнча бир өнөр жай үлгүсүнө, бир товардык белгиге, тейлөө белгисине, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө бир күбөлүккө тиешелүү болууга тийиш.
16. Каршы пикир же арыз мамлекеттик же расмий тилде басылган түрдө түзүлүүгө тийиш. Документке аны берген адам (анын өкүлү) кол коюуга жана ал окууга жарактуу болууга тийиш.
17. Каршы пикир же арыз Апелляциялык кеңешке эки нускада берилет.
18. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) интеллектуалдык менчиктин тийиштүү объектине өтүнмөнүн каттоо номери, ал эми коргоо документин талашууда - патенттин же күбөлүктүн номери да;
2) арыз ээси жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты (жеке жактар үчүн) же толук аталышы (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле кат алышуу үчүн дареги (анын ичинде электрондук почта дареги);
3) талаш-тартыштын предмети жана талашылган чечим жөнүндө маалыматтар (сунушталган жана ага каршы көрсөтүлгөн бардык объекттердин салыштырма талдоосун кошкондо, арыз ээсинин бардык мотивдерин жана далилдерин толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);
4) арыз ээси өзүнүн талаптарын негиздеген далилдер жана негиздүү жагдайлар;
5) арыз ээсинин так билдирилген талаптары;
6) тиркелген документтердин тизмеги;
7) каршы пикир же арыз берилген дата;
8) берген адамдын же анын өкүлүнүн колу. Юридикалык жактын өкүлүнүн колу бул юридикалык жактын (болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
19. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1, 2, 3, 5, 7, 8, 11-пунктчаларында каралган каршы пикирлер арыз ээсине чечим жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
20. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 4-пунктчасында каралган каршы пикир патентти колдонуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде берилет.
21. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикир товардык белгини каттоону колдонуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде берилет.
22. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 9-пунктчасында каралган каршы пикир географиялык көрсөтмөнү каттоону, географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мезгилинде берилет.
23. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 10-пунктчасында каралган каршы пикир товар чыгарылган жердин аталышын каттоону, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мезгилинде берилет.
24. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 12-пунктчасында каралган каршы пикир алты айдын ичинде берилет.
25. Ушул Эрежелердин 5-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү товардык белгини каттоону колдонуунун ичинде берилет.
26. Каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдүн, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобого ылайык белгиленген өлчөмдө каршы пикирди же арызды бергендиги үчүн тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
27. Бир түрдүү товарларга карата ушул Эрежелердин 4-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирге "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин укук ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
28. Жеке адамдын өзү тарабынан же анын өкүлү аркылуу берилген каршы пикирге же арызга жеке мүнөздөгү маалыматты (жеке маалыматтарды) чогултууга, сактоого, иштетүүгө, колдонууга, өткөрүп берүүгө, анын ичинде трансчек аралык өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук тиркелет. Аталган макулдук талаш-тартышты Апелляциялык кеңеште кароо максатында жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет.
29. Каршы пикирди же арызды берүү датасы катары аны тариздөөгө карата талаптар сакталган жана белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилген шартта ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз келип түшкөн күн таанылат.
30. Эгерде алым толук көлөмдө төлөнбөсө же берилген документтер толуктап иштеп чыгууну талап кылса, берүүнүн датасы катары жетишпеген же тиешелүү түрдө оңдолгон материалдардын акыркысы келип түшкөн күн таанылат.
31. Каршы пикир же арыз ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келбесе, ошондой эле белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз ээсине аныкталган бузууларды жоюу зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жиберилет.
32. Оңдолгон материалдар же алымдын кошумча төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда каршы пикир же арыз кароосуз арыз ээсине кайтарып берилет. Каршы пикирди же арызды кароо мөөнөтү оңдолгон документтин акыркысы же алымды кошумча төлөө жөнүндө документ келип түшкөн датадан тартып эсептелет.
33. Каршы пикирди же арызды берген адамдын өтүнүч каты боюнча каршы пикирди же арызды бергендиги үчүн төлөнгөн алым мындай өтүнүч кат тараптарга каршы пикирди же арызды кароо датасын дайындоо жөнүндө кабарлама жиберилген датага чейин келип түшкөн шартта кайтарып берилет.
Каршы пикирди же арызды кароо датасын дайындоо жөнүндө кабарлама жиберилгенден кийин төлөнгөн алым кайтарып берилет.
34. Каршы пикирди же арызды берген адам же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурга чейин кароонун ар кандай стадиясында аны чакыртып алууга укуктуу.
Каршы пикир (арыз) чакыртып алынган учурда ал боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми төлөнгөн алым кайтарып берилбейт.
35. Арыз ээсинин өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы, ошондой эле каршы пикирди же арызды бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
Акча каражаттарын кайтарып берүү же чегерүү тартиби интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
36. Арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин 19-25-пункттарында көрсөтүлгөн каршы пикирди берүү үчүн өтүп кеткен мөөнөт арыз ээсинин өтүнүч каты боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
37. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат каршы пикирди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептерин ырастоону камтууга тийиш жана ага өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алымдын жана каршы пикирди берүү үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн документтер берилбесе жана каршы пикирдин мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери ырасталбаса же алымдар белгиленген өлчөмдө төлөнбөсө өтүнүч кат жана каршы пикир берилген жок деп таанылат жана арыз ээсине кайтарып берилет.
38. Арыз ээсинин өтүнүч каты боюнча алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы, ошондой эле өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн жана берилген жок деп таанылган каршы пикирди берүү үчүн төлөнгөн алымдар кайтарып берилүүгө тийиш же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
Көрсөтүлгөн алымдарды эсепке алуу же кайтарып берүү интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.