Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 23-апрели № 6/5
Кара-Суу шаар мэриясына боз үй сатып алуу жөнүндө
2025-жылдын 9-апрелиндеги Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги отурумунун №3 протоколу жана шаардык кеңешинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги кезексиз сессиясында шаар мэри М.Тентимишовдун сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын 23-апрелине карата айлык акыдан үнөмдөлгөн акча каражатынан боз үй сатып алуу үчүн 1 200 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Шаардык кеңештен 2025-жылдын 6-февралында №3/2 сандуу токтомунда каралган Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы ММБДде каралган ЛЭД экран үчүн 1 000 000 сом акча каражаты Кара-Суу шаар мэриясынын ЖКХ бөлүмүнүн 3111-беренесине жылдырылсын.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун көзөмөлдөө жагы шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |