Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо аялуу чөйрөлөрдү жана иш багыттарын идентификациялоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү шарттарды жана жагдайларды аныктоо, аларды минималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды киргизүү, ошондой эле бийлик органдарынын ишинин ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасында башкаруучулук жана административдик жол-жоболорду өркүндөтүү аркылуу коррупциянын алдын алуунун туруктуу системасын түзүүгө багытталган коррупциялык тобокелдиктерди табуунун, баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү методологиялык жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
Ушул Жобону колдонуу киргизилип жаткан чаралар негиздүү, максатка ылайыктуу жана аткарылууга тийиш болгон өлчөмдүүлүк жана практикалуулук принциптерин эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ресурстарын коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө жөндөмдүү кыйла ыктымалдуу жана олуттуу коррупциялык тобокелдиктерге топтоону караган тобокелдикке багытталган мамилеге негизделет. Бул Жобонун ченемдери кызмат адамдары тарабынан дискрециялык ыйгарым укуктарды ишке ашырууга мүмкүндүк берген механизмдерге басым жасоо менен административдик жол-жоболордун жана башкаруучулук чечимдердин функционалдык жана процессуалдык талдоосуна негизделет.
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана административдик ведомстволоруна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, ошондой эле алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнө жайылтылат.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) дискрециялык ыйгарым укуктар - кызмат адамына толук жана объективдүү критерийлер жок болгон учурда башкаруучулук чечимдин түрүн, мазмунун жана кабыл алуу жол-жобосун өз каалоосу боюнча аныктоого, ченемдик укуктук же ведомстволук актыларда каралган чечимдин бир нече варианттарынын бирин тандоого мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген укуктардын жана милдеттердин жыйындысы;
2) коррупциялык тобокелдиктерди табуу - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык укук бузууларды жасоо ыктымалдыгы жогору болгон иш чөйрөлөрүн, кызматтык функцияларын жана башкаруучулук жол-жоболорун аныктоо процесси;
3) коррупциялык тобокелдик - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамынын өзүнө же үчүнчү жактарга мыйзамсыз пайда алуу үчүн кызмат абалын мыйзамсыз пайдаланууга, ошондой эле жеке жана/же юридикалык жактарга мындай пайданы мыйзамсыз берүүгө байланышкан аракеттерди жасоого же аракетсиздикке жол берүү мүмкүнчүлүгүндө көрүнгөн, коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү жагдайлардын (себептердин жана шарттардын) пайда болуу ыктымалдыгы;
4) коррупциогендик кызмат орун - коррупциялык тобокелдиктердин жогорку деңгээли менен объективдүү түрдө байланышкан, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмүндөгү кызмат орун, уюштуруу-тескөөчүлүк, административдик-чарбалык, контролдук-текшерүүчүлүк (көзөмөлдүк), каттоо же уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу, башкаруучулук же укуктук маанилүү чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле материалдык, финансылык жана/же башка ресурстарга жетүү менен байланышкан милдеттерди аткаруу;
5) коррупциогендик фактор - ченемдик укуктук актынын мазмунунан келип чыккан, укук колдонуучу үчүн кароонун негизсиз кеңири чектерин белгилеген, жалпы эрежелерден алып салууларды негизсиз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө жол берген же өз алдынча же болбосо башка жагдайлардын жыйындысында коррупциялык укук бузууларды жасоо үчүн өбөлгөлөрдү түзгөн белгисиз, баалоочу же карама-каршы талаптарды камтыган шарт же жагдай;
6) коррупциялык тобокелдиктерди баалоо - башкаруу процессин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон шарттарды жана жагдайларды, анын ичинде коррупциялык аялуу административдик жол-жоболорду, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык жана башка жыргалчылыктар жана артыкчылыктар түрүндө өзү же үчүнчү жактар үчүн мыйзамсыз пайда алуу, мындай жыргалчылыктарды жана артыкчылыктарды жеке же юридикалык жактарга берүү максатында кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзгөн функцияларын жана ыйгарым укуктарын комплекстүү талдоо жана системалаштыруу, ошондой эле табылган коррупциялык тобокелдиктерди алардын ишке ашуу ыктымалдуулугун жана потенциалдуу зыяндарын эске алуу менен алардын маанилүүлүк (оордук) даражасы боюнча рейтингдөө;
7) коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштырууга же жоюуга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча системалуу жана үзгүлтүксүз иши.
Ушул Жободо аныкталбаган түшүнүктөр коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
3. Ушул Жобонун практикалык колдонулушу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) коррупциялык тобокелдиктерди жаратуучу же пайда кылууга жөндөмдүү дискрециялык ыйгарым укуктарды ишке ашыруу менен байланышкан укуктук, уюштуруучулук жана институттук факторлорду табууну;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын системасында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин (мындан ары - Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеги) түзүү жана актуалдаштыруу, ошондой эле аны учурдагы коррупцияга каршы иште, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоодо, ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдө пайдаланууну;
3) аныкталган коррупциялык тобокелдиктердин терс таасирин минималдаштырууга же жоюуга багытталган практикалык сунуштарды жана чараларды иштеп чыгууну жана киргизүүнү;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдерин киргизүүнү, өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү.
4. Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу процесси төмөнкү алгоритм боюнча жүргүзүлөт:
1) функцияларды (жол-жоболорду) инвентаризациялоо жана коррупциогендик зоналарды аныктоо;
2) коррупциялык көрүнүштөр болушу мүмкүн болгон учурларды жана жагдайларды табуу;
3) коррупциялык тобокелдиктерди алардын пайда болуу ыктымалдыгын жана мүмкүн болуучу кесепеттерин эске алуу менен баалоо;
4) коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин түзүү жана бекитүү;
5) коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) чараларды ишке ашыруу жана алардын аткарылышын контролдоо (мониторинг жүргүзүү);
7) коррупциялык тобокелдиктердин тизмегин, ошондой эле аларды минималдаштырууга (жоюуга) багытталган коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу.