Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
2025-жылдын 28-апрели № 7/1
Кара-Суу шаардын башкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Строй- Стандарт ЖЧКнун башкы директору Н.Эргешовдун 2025-жылдын 14-апрелинде жазган арызынын жана Кара-Суу-шаарындагы Туратаалы базарынын 2 га жер аянтына даярдалган долбоордун эскиздик планын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын башкы планына Тураталы базарынын эскиздик планда көрсөтүлгөн 2 га жер аянтына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |