Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жыл 3-июль № 7-1
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028- жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн болжолу жөнүндөгү ФЭБ башчысынын маалыматы боюнча, «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна жана “Кыргыз Республикасынын 2026-2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор боюнча тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 8-главасынын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2026-2027-2028-жылдарга карата киреше бөлүгүнүн болжолу жактырылсын жана тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | А . Каразаков. |