Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жыл 3-июль № 7-3
Төөлөс айыл аймагындагы калктуу конуштарынын көчөлөрүнө, эс алуу жайларына, мекеме ишканаларына, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын калктуу конуштарынын көчөлөрүнө, эс алуу жайларына, мекеме ишканаларына, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобо менен таанышып жана талкуулап, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1. Төөлөс айыл аймагынын калктуу конуштарынын көчөлөрүнө, эс алуу жайларына, мекеме ишканаларына, билим берүү мекемелерине ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомду Юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | А . Каразаков. |