Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жыл 3-июль № 7-5
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө
Төөлөс айыл аймагындагы У. Салиева атындагы музей комплексинин жетекчиси, “Даңк” медалынын ээси эл аралык жана республикалык фестивалдардын бир нече жолку лауреаты, Жогорку Президиумдун “Ардак граммотасы”, “Эмгек ветераны медалы”, “ 9-10-15 жылдыктын жеңүүчүсү медалы”, “Маданият кызматкеринин мыктысы” төш белгисинин ээси, “Ала-Тоо айымдарынын мүчөсү”, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер, персоналдык пенсионер, Нуркамилова Зуурага Төөлөс айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат
1. Төөлөс айыл аймагындагы У. Салиева атындагы музей комплексинин жетекчиси, көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси, Муркут айылынын тургуну Нуркамилова Зуурага Төөлөс айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Төөлөс айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана атайын лентасын даярдоого кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, мандат, укук, этика жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага : | А . Каразаков. |