Загрузка документа…
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2025-жыл 3-июль № 7-10
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Төөлөс айыл аймагына караштуу Авиз-2 бөлүмүнүн тургундарынын көчөгө ат коюу жөнүндөгү жалпы жыйынында кабыл алынган чечимин бекитип берүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына жана “Калктуу конуштардын көчөлөрүнө ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү” Жобого ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Авиз-2 бөлүмүндөгү көчөгө аскер кызматкери маркум Көчкөнов Мирландын атын ыйгарууга макулдук берилсин жана “Көчкөнов Мирлан” атындагы көчө деп аталсын.
2. Кадастр мамлекеттик ишканасынын Ноокат райондук бөлүмүнөн жаңыдан аталган көчөнү каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Балтабаевке милдеттендирилсин.
3. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемеси өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага : | А . Каразаков. |